Akchabarsearch
Президентке кайрылууну эми Tunduk аркылуу жөнөтүүгө болот

Жарыяланган

2026-07-07, 13:55

Президентке кайрылууну эми Tunduk аркылуу жөнөтүүгө болот

Жарандар эми президенттин администрациясына кайрылууну кагаз түрүндө жазып же кабылдамага барып тапшырып отурбастан, Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу жөнөтө алышат.

"ААК Түндүктүн" маалыматына ылайык, жаңы кызмат мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү алкагында ишке ашырылды. Анын жардамы менен жарандар өлкөнүн каалаган жеринен онлайн түрдө кайрылуу жөнөтө алышат.

Кайрылуу жөнөтүү үчүн Tunduk тиркемесине кирип, башкы беттеги «Президентке кайрылуу» бөлүмүн тандоо керек. Андан кийин:

•    кайрылуунун темасын жана мазмунун жазуу; 
•    керектүү маалыматтарды толтуруу; 
•    зарыл болсо документтерди тиркөө; 
•    социалдык макамды жана документтин түрүн көрсөтүү зарыл. 

Кайрылуу булуттук электрондук кол тамга аркылуу жөнөтүлөт. Бул документтин юридикалык күчүн жана жаранды аныктоону камсыздайт.

Жөнөтүлгөн кайрылуу система аркылуу автоматтык түрдө президенттин администрациясына багытталат.

Жаңы кызмат жарандарга убакытты үнөмдөп, мамлекеттик органдар менен байланышты жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
 


Тектеш материалды окуу