Akchabarsearch
Президент жол эрежесин бузгандардан жеринен тест алуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу пикирин айтты

Жарыяланган

2026-06-03, 09:34

Президент жол эрежесин бузгандардан жеринен тест алуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу пикирин айтты

Президент Садыр Жапаров жол эрежесин бузгандардан жеринен тест алуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу пикирин “Кабар” агенттигине билдирди.

Ал Ички иштер министрлигине жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алууну тапшырган.

Президенттин айтымында, негизинен бул ыкма туура, бирок кичине эртерээк.

“Себеби биринчи кезекте МАИ кызматкерлеринин өздөрүн толук даярдап чыгышыбыз керек. Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбеген учурлар кездешет.

Ошондуктан качан гана МАИ кызматкерлер өздөрү даяр болгондо бул маселени кайрадан көтөрүшсө болот.

Бул маселенин максаты жол кырсыктарын азайтуу болуп саналат.

Мен дайыма айтып келем, мурда күбөлүктү окубай эле сатып алгандардын кесепетинен жол кырсыктары көбөйүп, жарандарыбыз көп кырсыктап жатат”, - деди ал.

Мамлекет башчы мындан ары күбөлүк сатып алуулар 99 пайыз болбой турганын белгиледи.

“Бул маселени мамлекет колго алдык. Мурда күбөлүк сатып алып, жол эрежесин билбей айдап жүргөн айдоочуларды жол эрежесин билүүгө үйрөтүшүбүз керек. Мына ошондо гана Кыргызстандын жолдорунда коопсуз жүрүүгө болот”, - дейт Жапаров.


Тектеш материалды окуу