Жарыяланган
2025-19-08, 10:57Кыргызстанга БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) аркылуу Россия Федерациясы берген 1 280 тоннадан ашык азык-түлүк Бишкек жана Ош шаарларынын кампаларына жеткирилди. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдирди.
Жалпы аз камсыз болгон 5 100 үй-бүлө байытылган буудай унун жана өсүмдүк майын алышат.
Ирригациялык тармактарды, суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүү, дарак отургузуу жана дарыя жээктерин бекемдөө сыяктуу коомдук иштерге катышкандарга 300 кг ун жана 30 литр май берилет.
Ошондой эле, айыл чарбасын жүргүзүүнүн заманбап ыкмалары жана киреше булагын өнүктүрүү боюнча тренингдерге катышкандарга 150 кг ун жана 15 литр май берилет.
Россия Кыргызстандагы ДАТПнын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 15 жыл ичинде Россия өлкөгө өзгөчө кырдаалдардагы жардамдан баштап, калыбына келтирүү жана мектептеги тамак-аш программаларына чейин ар кандай багыттарда колдоо көрсөтүп келет.