
Жарыяланган
2025-24-07, 10:14Бүгүн, 24-июлдан тарта эски үлгүдөгү унаа номерлерин каттоо токтотулду. Бул тууралуу Унааларды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Маалыматка ылайык, белгиленген талаптарга туура келбеген төрт сандуу мамлекеттик номерлерди берүү (алмаштыру) токтотулууда. Мындан улам каттоо жүргүзүү учурунда аталган номерлер айдоочудан алынып, утилизацияга жиберилет.
Мындай чара мамлекеттик номерлерди берүү жана каттоо процессин жөнгө салуу жана алардын бирдиктүу улуттук стандартка алып келүү үчүн көрүлүүдө.



