Жарыяланган
2025-31-03, 10:32Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта иш сапары менен Тажикстандын Худжанд шаарына барды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы Садыр Жапаровду Худжанд эл аралык аэропортунан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тосуп алганын билдирди.
Сапардын алкагында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттеринин үч тараптуу саммитин өткөрүү пландаштырылууда.
“Анын негизги максаты үч өлкөнүн ортосунда мамлекеттик чек аралардын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге кол коюу, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө мындан аркы кызматташууну бекемдөө болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.