Akchabarsearch
Садыр Жапаров Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Жарыяланган

2025-07-11, 09:25

Садыр Жапаров Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент Садыр Жапаров Вашингтон шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, лидерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өнөктөштүктү, анын ичинде саясий чөйрөдө, ошондой эле финансылык технологиялар жана жасалма интеллект жаатында бекемдөө жолдорун талкуулашты. Кыргызстан башка мамлекеттерден айырмаланып, мунай жана газ запастарына ээ эмес экенин айткан Садыр Жапаров өлкөнүн башкы байлыгы – билимдүү жаштар экенин белгиледи. Алардын көбү IT-чөйрөсүн активдүү өздөштүрүп жатышат. Садыр Жапаров ошондой эле каржы технологиялары жаатындагы кызматташтыкка көңүл буруп, Дональд Трамп тарабынан кабыл алынган, дүйнөдөгү эң алдыңкы жана прогрессивдүү мыйзамдардын бири болуп эсептелген стейблкоиндерди жөнгө салуучу Genius Act мыйзамын белгиледи. Садыр Жапаров Кыргызстанда санариптик каржы инструменттерин киргизүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде улуттук стейблкоин - KGST ишке киргизүү жана мамлекеттик крипторезервди түзүү боюнча иштер тууралуу айтып берди. 

АКШнын президенти биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.


Тектеш материалды окуу