Akchabarsearch
Садыр Жапаров курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Жарыяланган

2026-23-01, 17:51

Садыр Жапаров курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 23-январда президент Садыр Жапаров өлкөнүн ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Талкуунун жүрүшүндө куруучулардын милдеттенмелерин аткарууларына, ошондой эле курулуш тармагын тескеген ченемдик укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана аны өркүндөтүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү. 

Мамлекет башчы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге тийиштүү тапшырмаларды берди. 

Президент курулуш компанияларынын ак ниеттүүлүк менен иш алып баруусуна өзгөчө көңүл бурду. Ал куруучулардын ачык-айкын жана таза иштеши керектигин баса белгилеп, жарандардын алдындагы милдеттенмелерди бузууга жол берилбестигин айтты. 

Айрым компаниялардын мыйзам бузуулар менен коштолгон ишмердүүлүгү боюнча мисалдар келтирилди. 

Мындан тышкары, Садыр Жапаров шаар мэрине жана курулуш министрине келип чыккан маселелер топтолуп кетпей, өз убагында чечилип турушу үчүн мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүүнү тапшырды.


Тектеш материалды окуу