
Жарыяланган
2026-14-01, 16:48Талас шаарында 920 орунга ылайыкталган “Акылман” президенттик лицейи жатаканасы менен салынууда. Бул тууралуу Талас мэриясы билдирди.
Окуу жай Президенттин колдоосу жана “Газпром Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Болот Абилдаевдин демөөрчүлүгү менен курулууда.
Ал быйыл август айында пайдаланууга берилет деп пландалууда.
Лицейде окуу акысыз болуп, Талас облусунун гана эмес, өлкө боюнча бардык окуучулар үчүн билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.



