Жарыяланган
2025-23-06, 12:38Президент Садыр Жапаров 24-25-июнь күндөрү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында расмий сапар менен болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка тармактардагы кызматташуу маселелери талкууланат.
Жапаров Малайзиянын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчилиги менен ошондой эле бизнес коомчулук менен жолугушуусу пландаштырылган.
"Бул сапар Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысынын акыркы 30 жылдагы Малайзияга жасаган биринчи расмий иш сапары болуп саналат", - дейт Абдумуталип.