
Жарыяланган
2025-04-12, 17:30Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында документтерге кол коюлду.
Эске салсак, Садыр Жапаров 3-декабрда Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу менен Исламабад шаарына мамлекеттик сапары менен барды. Учурда президент Пакистанда мамлекеттик сапары менен жүрөт.



