
Жарыяланган
2025-04-12, 10:52Президент Садыр Жапаров Пакистандагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркына барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Пакистанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Исламабад шаарындагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркында (NASTP) аскердик көргөзмө менен таанышты.
NASTP авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа болуп саналат.
Садыр Жапаров NASTP Alpha экспозицияларын көрүп чыкты. Анда авиациялык техника, радиолокациялык жана коммуникациялык системалар, симуляторлор, программалык камсыздоо, жасалма интеллект, кибертехнологиялар жаатындагы иштеп чыгуулар жана космос индустриясынын продукциялары көрсөтүлгөн.
Президент ошондой эле Кытай менен Пакистан биргеликте иштеп чыккан JF-17 Thunder көп максаттуу кыйраткыч учактары менен кеңири таанышты.
Мамлекет башчысына учактын негизги согуштук мүмкүнчүлүктөрү жана техникалык мүнөздөмөлөрү, анын ичинде маневр жасоо жөндөмдүүлүгү, багыттоо жана курал-жарак системалары көрсөтүлдү.
Садыр Жапаров инновациялар жана жогорку технологиялар жаатында кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.



