
Жарыяланган
2026-10-04, 09:50Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров бир катар өнөр жай жана социалдык объектилердин иши, инфратүзүмдүк долбоорлордун, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелердин курулушунун, жол тармагын өнүктүрүүнүн, ошондой эле аймакты көрктөндүрүүнүн жүрүшү менен таанышат.
“Президент Садыр Жапаровдун аймактагы калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык маанилүү объектилерди ачуу жана курулуштарды баштоо аземдерине катышуусу пландаштырылган”, - деп билдирди Алагөзов.



