
Жарыяланган
2025-03-12, 10:30Президент Садыр Жапаров 3-4-декабрда Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (парламенттин төмөнкү палатасы) спикери Сардар Аяз Садик жана сенаттын (парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Юсуф Реза Гелани менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Сапардын алкагында Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму уюштурулат.
Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргызстандын президентинин Пакистанга акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.



