
Жарыяланган
2026-04-02, 10:17Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн баштады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, декларациялык кампания эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта - 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырышы керек. Экинчи этапта - 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер декларация берүүгө тийиш.
Салык декларациясы Cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу электрондук түрдө тапшырылат.
Декларацияда кирешелер жана чыгашалар, экономикалык ишмердүүлүк, мүлк объектилери, жер тилкелери, ошондой эле отчеттук мезгил үчүн төлөнгөн салыктык милдеттенмелер тууралуу маалыматтар көрсөтүлүшү зарыл.



