
Жарыяланган
2026-15-09, 10:53Чоң жүк ташуучу унаалардын салмак-өлчөмүн караган кызмат адамдар коррупциялык схема боюнча иштеп, аталган унаалардын айдоочуларынан акча алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, Жердеги жана суу транспорту департаментинин айрым жетекчилери жана Чүй облусндагы транспорттук жана салмак-өлчөм көзөмөл пунктунун жооптуу кызматкерлери салмак-өлчөмү ашып кеткен унааларды каттабай, алардын тоскоолдуксуз өтүшү үчүн сыйакы катары 2 миң 20 миң сомго чейин акча алып жүргөнү аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



