Akchabarsearch
    Өлкөдө чекене сооданын көлөмү өстү

    Жарыяланган

    2025-11-06, 10:05

    Өлкөдө чекене сооданын көлөмү өстү

    2025-жылдын январь–апрель айларында Жалал-Абад облусунан тышкары, Кыргызстандын калган бардык дубандарында чекене соода жүгүртүү 15.2%га өстү (унаа жана мотоцикл соодасын кошпогондо). 

    Былтыркы жылдын төрт айына караганда быйыл чекене соода жүгүртүү 134.6 млрд сомдон 164.8 млрд сомго чейин өскөн. 

    Аймактар боюнча алып караганда, Баткен облусунда чекене соода 1.5%га өсүп, 4.1 млрд сомду түздү. Жалал-Абад облусунда болсо, тескерисинче, соода көлөмү 3.8%га кыскарып, 21.3 млрд сомго чейин түштү. Иссык-Көлдө – 15%, Нарында 3.6%, Ошто – 4.6%, Таласта – 16.3% өсүш болгон. Чүй облусунда чекене соода 21.7%га арткан. 

    Бишкек шаарында чекене соода 20.4%га жогорулап, 68.5 млрд сомду түздү. Ош шаарында 31.5% өсүш болуп, соода жүгүртүү 20 млрд сомго жеткен. 


    Тектеш материалды окуу