Akchabarsearch
Сасык тумоого байланыштуу эпидемиологиялык абал туруктуу

Жарыяланган

2026-09-01, 13:54

Сасык тумоого байланыштуу эпидемиологиялык абал туруктуу

Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого байланыштуу кырдаал боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө эпидемиологиялык абал боюнча актуалдуу маалыматтар, стационарларга түшкөн жүк жана сезондук оорулар күчөгөн шартта баштапкы медициналык звенонун иши каралды.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына ылайык, өлкөдө катталган учурлардын саны мурунку мезгилдерге салыштырмалуу азайган.


Тектеш материалды окуу