akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-03-03, 16:22

    Күйүүчү-майлоочу майдын литрин 1 сомдон чогултуу бюджетке 172 млн сом алып келди

    Унаа жана жолдор министринин орун басары Бекназар Базаралиев 2025-жылдын январь айынан бери күйүүчү-майлоочу майдын литрине 1 сомдон алына баштагандан бери бюджетке 172 миллион сом түшкөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитетинин жыйынында айтты.

    Бул жол фонду үчүн 17-булак болуп калды. Жалпысынан 20-февралга карата бардык булактардан түшкөн киреше 942 миллион сомду түздү.

    Анын 938 миллион сому фонддун өздүк каражаттары. Жол тармагын өнүктүрүүгө 646 миллион сом бөлүнсө, 246 миллион сому мекемеде калды.


    Тектеш материалды окуу