Akchabarsearch
Сегиз айда Кыргызстанга 521 млн сомго бадыраң импорттолду.

Жарыяланган

2026-22-10, 15:23

Сегиз айда Кыргызстанга 521 млн сомго бадыраң импорттолду.

2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга 521 млн сомго бадыраң импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат. 

Маалым болгондой, өлкөгө жалпы 9248.4 тонна бадыраң ташып келинген. Бадыраң Кыргызстанга Өзбекстан (6184.7 тонна), Казакстан (1293.4 тонна), Кытай (1130 тонна), Иран (592.5 тонна), Тажикстан (44.5 тонна) жана Афганистандан (2.9 тонна) импорттолгон.

2025-жылдын январь-август айларына караганда быйылкысында импорт 4660.4 тоннага көбөйгөн. Былтыр сегиз айда өлкөгө 4588 тонна бадыраң импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу