
Жарыяланган
2026-20-10, 18:002026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанга 919.5 млн сомго кофе импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Маалым болгондой, сегиз айда өлкөгө 849.2 тонна кофе ташып келинген. Кофе Кыргызстанга 21 өлкөдөн импорттолгон.
Кофенин 671.8 тоннасы же 79.1%ы эки өлкөдөн - Россия (478.4 тонна) жана Казакстандан (193.4 тонна) сатып келинген.
2025-жылдын январь-август айларына караганда быйылкысында кофенин импорту 536.1 тоннага көбөйгөн. Былтыр сегиз айда Кыргызстанга 313.1 тонна кофе импорттолгон.



