
Жарыяланган
2026-01-10, 13:55Мекенине келип, өз ишин ача турган мигранттарга 5 жылга салыктык жеңилдик бергенге даярбыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Жыйында депутат Бурул Аманова чет жакта иштеп келип, мекенинде өз ишин ачууну каалаган мигранттарды колдоо үчүн мыйзам долбоорун жазып жатканын, анда аларды салыктан бошотуу өңдүү жеңилдиктерди кароону сунуштап жатканын билдирип, бул боюнча Салык кызатынын төрагасынын пикирин сурады.
Алмамбет Шыкмаматов алар депутаттын мыйзам долбоорун толугу менен колдой турганын, мекенинде иш ачам деген мигранттарга колдоо көрсөтүү боюнча маселе өкмөттө да талкууланып келгенин айтты.
Ал Кыргызстанга келип иш ача турган мигранттарга 5 жылга салыктык жеңилдик берүүгө болорун билдирди.



