Akchabarsearch
    Шыкмаматов: Мурда "Дордойдон"  жылына 480 млн сом салык чогулса, азыр 1.6 млрд сом түшөт

    Жарыяланган

    2025-03-07, 14:02

    Шыкмаматов: Мурда "Дордойдон" жылына 480 млн сом салык чогулса, азыр 1.6 млрд сом түшөт

    Патент системасы ишкерлердин убактысын албай, салыктан төлөө шарттарын жеңилдетет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.  

    Шыкмаматовдун айтымында, патент системасы өнүккөн мамлекеттерде дагы бар. Бирок аларда патент деп айтылбаганы менен табияты, уңгусу окшош. Бизде патентти ишкерлер товар жүгүртүү көлөмүнө карата айына төлөшөт.

    "Мисалы буга чейин "Дордой" базарынан жылына 480 млн сом салык чогултулуп келсе, учурда 1 млрд 600 млн сом салыктык түшүүлөр болууда. Азыр мурдагыдан 3 эсе көбөйдү", – дейт Шыкмаматов.


    Тектеш материалды окуу