Жарыяланган
2024-30-12, 12:16Автоунааларына ОСАГО полисин албаган айдоочуларга айып пул салуу 2025-жылдын 1-июлуна жылдырылды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-декабрда кол койду.
Демилге Экономика жана коммерция министрлигине таандык. Ведомство чечимди Кыргызстанда камсыздандыруу көрсөткүчү төмөн болгону менен түшүндүрүүдө. Алсак, өлкөдө 1 миллиондон ашык унаа катталса, анын 108 миңи гана камсыздандырылган. Буга байланыштуу мекеме түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ОСАГО боюнча бардык маалыматты калкка жеткирүүнү пландап жатат.
Эске салсак, 2025-жылдын 1-январынан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полисин албаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынмак.