
Жарыяланган
2026-17-09, 11:452026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 910.3 млн сомго картошка импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Жети айда өлкөгө жалпы 24.7 миң тонна картошка ташып келинген. Ал Кыргызстанга сегиз өлкөдөн импорттолгон.
Картошканын көбү же 86.7%ы Кытайдан сатып келинген (21.4 миң тонна).
Дагы 1.6 миң тонна - Нидерланддан, 834.2 тонна - Германиядан, 415.5 тонна - Казакстандан, 305.4 тонна - Пакистандан, 48.9 тонна - Ирандан, 31.4 тонна - Россиядан, 24.7 тонна - Өзбекстандан келген.
2025-жылдын жети айында Кыргызстанга 26.9 миң тона картошка импорттолгон.



