Akchabarsearch
Сиздин атыңыздан башка бирөө насыя алганын кантип билсе болот?

Жарыяланган

2026-19-08, 17:58

Сиздин атыңыздан башка бирөө насыя алганын кантип билсе болот?

Улуттук банк башка бирөө башка бир жарандын атынан насыя алганын кантип билүүгө болорун айтып берди.

Сиздин атыңыздан насыя алынып-алынбаганын кредит таржымалынан көрүүгө болот. Кредит таржымалын эки жол менен билүүгө болот. Биринчиси - банктардын мобилдик тиркемесиндеги кызматтар бөлүмүнөн жана экинчиси - кредиттик бюролорго: "Ишеним" же "Сэйф энд Саундга" кайрылып биле аласыз.

Кредит таржымалын карап жатканда, азыркы жана мурунку насыялардын тизмесине кылдат көңүл буруп, аларды сиз алгансызбы, текшериңиз. Мурда төлөп бүткөн насыялар толук жабылганын, кокустан калып калган майда-барат (тыйын да болсо) карыздар жок экенин караңыз. 

Ошондой эле жеке маалыматтардын (паспорттогу маалыматтар, дарек жана телефонуңуздун номери) туура жазылганын карап коюңуз.

Кредит таржымалын кеминде жылына бир жолу текшерип туруу керек. Эгер насыя албайм десеңиз, "Түндүк" тиркемеси аркылуу өзүңүзгө-өзүңүз насыя алганга тыюу салыңыз. 
 


Тектеш материалды окуу