
Жарыяланган
2026-19-08, 18:28Тигүүчүлөр, текстиль өндүрүүчүлөр жана селлерлер 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрга чейин бирдиктүү салыктан жана бирдиктүү салык боюнча салыктык отчет берүүдөн бошотулат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, салыктан бошотулгандардын катарына тигүү жана текстиль өндүрүшүн жүргүзгөн субъекттер, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде электрондук соода аянтчалары аркылуу товарларды сатууну жүзөгө ашырган субъекттер (селлерлер) кирет.
Селлерлер салыктан бошотулушу үчүн электрондук соода аянтчасы анын өз ИННин колдонуу менен иштеп жатканын тастыктап бериши керек.
Тигүүчүлөр, текстиль өндүрүүчүлөр жана селлерлер бирдиктүү салык жана ал боюнча отчет тапшыруудан гана бошотулат. Ал эми кызматкерлери үчүн киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү мурункудай эле төлөнө берет.



