Akchabarsearch
    Мамлекеттик өнүктүрүү банкы «Альфа Телеком» үчүн дагы канча сом төлөп бериши керек?
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2025-13-08, 09:48

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкы «Альфа Телеком» үчүн дагы канча сом төлөп бериши керек?

    2023-жылдын октябрь айында аукциондун жыйынтыгы менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкы мамлекеттик уюлдук оператор «Альфа Телеком» ЖАКсынын (MEGA бренди) жаңы ээси болгон. Мамлекеттин менчигинде болгон 100% акциянын баасы 14.8 млрд сом деп белгиленген. 

    Макулдашууга ылайык, банк бул сумманы бөлүп төлөмөкчү болгон.

    Аталган банк бул компанияга ээлик кылып жатканына дээрлик эки жыл болду. Бирок «Акчабар» жүргүзгөн текшерүү көрсөткөндөй, банк акчаны толук төлөп бүтө элек.

    «Ачык Бюджет» порталындагы маалыматка караганда, 2023-жылы банк эки жолу — 26-октябрда жана 28-ноябрда — жалпы 3.54 миллиард сом төлөгөн. Былтыр дагы тогуз жолу төлөм жүргүзүп, акыркысы октябрь айында жасалган. Бул аралыкта Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 9.8 млрд сом алган.

    Расмий маалыматтарга караганда, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы бүгүнкү күнгө чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине жалпысынан 13.34 млрд сом которгон. Демек, банк дагы 1.46 млрд сом төлөшү керек. Мурдагы графиктерди карай турган болсок, банк калган акчаны октябрь айында которуп бериши ыктымал. 


    Тектеш материалды окуу