Akchabarsearch
Социалдык коргоо министрлиги майыптыгы бар адамдар үчүн санаторийлерге жолдомо сатып алат

Жарыяланган

2025-04-06, 10:43

Социалдык коргоо министрлиги майыптыгы бар адамдар үчүн санаторийлерге жолдомо сатып алат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги I, II, III топтогу майыптыгы бар жарандарды санаторий-курортторго дарыланууга жөнөтүү үчүн жолдомо сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Жолдомолорду сатып алууга жалпы 115 млн сом каралган. Анын ичинен Ысык-Көл жана Нарындагы эс алуу жайларына жолдомо алууга 71 млн 383 миң сом, Бишкек, Чүй жана Таластагы санаторийлерге жолдомо алууга 11 млн 920.6 миң сом, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы эс алуу жайларына жолдомо алууга 31 млн 696.5 миң сом бөлүнгөн. 

Тендер боюнча арыздар 18-июнга чейин кабыл алынат. 


Тектеш материалды окуу