
Жарыяланган
2026-13-05, 09:57Быйыл төрт айда Кыргызстандан чет жакка 11.8 миң тонна сүт продукциясы экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Былтыркы жылдын январь-апрель айларына караганда дээрлик 1.7 миң тоннага көп сүт азыгы экспорттолгон.
Курут, кымыз жана башка кычкыл сүт азыктарынын экспорту 3.6 тоннадан 116.5 тоннага чейин өскөн. Сүттүн сары суусунун экспорту 164 тоннага жетсе, сүт коктейлиники – 2.2 тонна жана каймактыкы 1.6 тонна болгон.
Ошол эле учурда сары май, кургак сүт, сыр, балмуздактын экспорту азайган.



