Akchabarsearch
ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандын бюджетин 22,5 млрд сомго толуктады

Жарыяланган

2025-10-01, 12:30

ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандын бюджетин 22,5 млрд сомго толуктады

2024-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүү механизми аркылуу 22 млрд 46,7 млн сом алды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.

Кирешелердин эң көп бөлүгү Орусиядан түшкөн – 18,1 млрд сом, Казакстан 2,41 млрд сом, Белоруссия 1,05 млрд сом, Армения 479,6 млн сом которгон.

Бул каражаттар ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ортосунда бажы төлөмдөрүн Кыргызстандын биримдикке кирүү келишимине ылайык бөлүштүрүүнүн алкагында берилди. 


Тектеш материалды окуу