Akchabarsearch
Студенттер бир облустан башка облуска окууга жөнөтүлө баштайт

Жарыяланган

2026-04-06, 13:41

Студенттер бир облустан башка облуска окууга жөнөтүлө баштайт

Кыргызстанда студенттер бир облустан башка облуска окууга жөнөтүлө баштайт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул программага катышкан студенттерге стипендия төлөнөт. Алар бир жерден башка аймакка учак менен бара алат. Анын чыгымын мамлекет төлөп берет. 

Ошондой эле программанын алкагында кеминде 9 миң студентке ылайыкталган жатаканалар салынат. Жатаканалардын аймагында спорт аянтчалары, ашканалар, окуу борборлору жана башка зарыл инфраструктура курулат.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров окуу жайларда бюджеттик негизде билим алган түштүктөгү студенттерди түндүккө, түндүктөгүлөрдү түштүккө окууга жөнөтүү пландалып жатканын кабарлаган. 


Тектеш материалды окуу