Жарыяланган
2025-11-07, 09:10Жакында соттордун айлык маянасы көтөрүлөт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирип, мындай тапшырманы президент бергенин белгиледи.
Анын айтымында, мурда райондук соттор 40 миңден 60 миң сомго чейин айлык алып келген. Бирок айлыгы 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Эми жаңы жарлык чыгып, анын негизинде райондук соттор кеминде 300 миң сомдон, облустук соттор — 400 миң жана Жогорку соттун судьялары 450 миң сомдон ала башташат. Бул соттордун айлыгы тууралуу гана болуп жатат. Андан тышкары аларга эмгек стажы үчүн кошумча төлөмдөр берилет.
Ташиев мындай шартта соттор адилет жана мыйзамдуу чечим чыгарып, таза иштеш керектигин айтты.