Akchabarsearch
Сузакта жер тилкелеринин документтерин жасалмалоого шектелип үч адам кармалды

Жарыяланган

2026-16-11, 15:35

Сузакта жер тилкелеринин документтерин жасалмалоого шектелип үч адам кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер тилкелерине тиешелүү документтерди жасалмалоого шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр узак убакыттан бери жер тилкелеринин документтерин мыйзамсыз жасалмалоо менен алектенип келишкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, З.И.Э., Х.У.Р. жана С.О.Х. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланып, бул мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.


Тектеш материалды окуу