Akchabarsearch
Таласка Эгемендүүлүк күнүндө 30 электробус тапшырылат

Жарыяланган

2026-27-03, 10:32

Таласка Эгемендүүлүк күнүндө 30 электробус тапшырылат

Таласка Эгемендүүлүк күнүндө 30 электробус тапшырылат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев “Биринчи радиого” билдирди.

Анын айтымында, электробустар республикалык бюджеттин эсебинен алынууда.

“Эгемендүүлүк күнүндө электробустар иштеп баштайт. Алардын 15и шаар ичинде каттаса, калгандары айылдардан эл ташыйт. Электробустар белгиленген тартип боюнча жүрөт. Бул карапайым эл үчүн туруктуу транспорттук кызмат көрсөтүүнү камсыздайт”, — деди ал.


Тектеш материалды окуу