
Жарыяланган
2026-27-03, 09:20Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылында жайгашкан сүт азыктарын кайра иштетүүчү чакан ишкана аймактык экономикага олуттуу салым кошуп келет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
2008-жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп келе жаткан өндүрүш жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууда.
Бүгүнкү күндө ишкана күн сайын 2 тонна сүт кабыл алып, аны кайра иштетүү аркылуу Голланд сыры жана сары май сыяктуу сапаттуу продукцияларды өндүрүүдө. Даяр азыктар ички рынокко багытталып, негизинен Бишкек шаарына жана өлкөнүн башка аймактарына жөнөтүлөт.
Ишкананын жетекчилиги өндүрүш көлөмүн мындан ары да жогорулатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана продукциянын түрүн кеңейтүү багытында иштерди улантууда. Заманбап технологияларды киргизүү аркылуу өндүрүш кубаттуулугун арттыруу пландалууда.
Мындай ишканалар аймакта айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүп, жергиликтүү өндүрүшчүлөр үчүн туруктуу рынок түзүүгө шарт түзүп жатат.



