Akchabarsearch
Ташиев: “Абдыкеримовдун 100 млрд сомду түзгөн мүлктөрү мамлекетке кайтарылды”

Жарыяланган

2025-27-11, 14:13

Ташиев: “Абдыкеримовдун 100 млрд сомду түзгөн мүлктөрү мамлекетке кайтарылды”

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Аю” холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун 300 гектар жери жана 100 млрд сомду түзгөн мүлктөрү мамлекетке кайтарылганын билдирди. 

Ташиев бүгүн, 27-ноябрда Чүй облусунун Кемин шаарында 50 орундуу төрөт үйүнүн курулушуна капсула салуу аземине катышты. Иш-чарада ал Чүй өрөөнүндө 2025-жылы эле 12 миң гектардан ашык жер тилке мамлекетке кайтарылганын айтты. Анын ичинен Ысык-Ата районнда - 600, Аламүдүн районуда - 600, Сокулукта - 5600, Москва районунда - 800, Жайылда - 4200, Панфиловдо - 300, Кеминде - 550 гектар жер мамлекетке өттү. 

“Кемин районундагы жол жээгиндеги контейнер менен тосулган 355 гектар жер кайтарылып, мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу “Кемин Сити” шаары курулуусу күтүлүүдө. Ошондой эле, “Аю” холдингинин ээси Ш.Абдыкеримовдун Аламудүн районунда жайгашкан 300 гектар жери жана 100 млрд сомду түзгөн мүлктөрү мамлекетке кайтарылган. Ушул жерлердин жана мүлктөрдүн баары элдин жана мамлекеттин пайдасына иштетилет жатат”, - деди Ташиев.   


Тектеш материалды окуу