Akchabarsearch
Ташиев Түлеев салган имаратты бузууну тапшырды

Жарыяланган

2025-08-12, 12:53

Ташиев Түлеев салган имаратты бузууну тапшырды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жүрүп жаткан курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы борбордук универмаг жана шаардык универмаг магазиндерин бойлой курулуп жаткан соода түйүндөр, унаа токтотуучу жайлар, аялдамалар жолго чыгып кеткендиги боюнча кызуу талкуулар жүргөн. 

УКМК төрагасы түзүлгөн кырдаал боюнча жеринен таанышып, жолго чыгып кеткен курулмаларды тезинен бузууну тийиштүү мекемелерге тапшырды. Ошону менен катар эле ал шаардагы транспорттук кыймылга маанилүү болгон жол тилкесин тез аранын ичинде өз калыбына келтирүүнү талап кылды.

Курулуш компаниясынын жетекчилиги жолду өз калыбына келтирүү, инфраструктуралык абалды жөнгө салуу боюнча милдеттемелерди алып, тез аранын ичинде аткарууну убадалады.


Тектеш материалды окуу