Akchabarsearch
Текебаев Кыргызстанда атом электр станциясын куруу керектигин билдирди

Жарыяланган

2025-18-11, 11:55

Текебаев Кыргызстанда атом электр станциясын куруу керектигин билдирди

Кыргызстанда атом электр станциясын салуу керек. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев "Фейсбуктагы" баракчасында билдирди. 

Анын айтымында, Борбор Азияда, айрыкча Казакстанда, ошондой эле Канада, Австралия, Нигер мамлекеттеринде атом электр станцияда отун катары колдонулган урандын ири запастары топтолгон. Бирок Борбор Азия өлкөлөрүндө урандын чоң запастары болсо да, бир да атомдук электр станция жок. Уранды болгону чийки зат катары экспорттойт.  

"Бул — өлкөлөрдү кошумча нарктан, технологиялык эволюциядан жана энергетикалык эгемендиктен ажыраткан тарыхый парадокс", - дейт Текебаев. 

Ошол эле учурда, ачык айтылбаса да Борбор Азиядагы уранга АКШ, Орусия жана Кытай катуу атаандашып, көз артууда. 

Ал билдиргендей, Украинадагы согуштан улам Орусиянын мунай заты (нефти), газы, көмүрү санкцияларга туш болду. Бирок стратегиялык ресурс болгон уран гана санкциялардын тышкары калды. Учурда Орусия АКШга аз байытылган уранды сатууну уланууда. 2023-жылы 700 тонна (1.19 млрд доллар), 2024-жылы 335 тонна (624 млн доллар) уран саткан. 1 кг уран орто эсеп менен 2 миң тонна мунай затты (нефтини) алмаштыра алат. 

"Демек, Орусиянын АКШга жөнөткөн 700 тонна ураны энергиялык эквивалент боюнча 1 млрд тоннага жакын нефтиге тең келет. Мындай энергияны башка бир да ресурс бере албайт. Ошондуктан уранды ким көзөмөлдөсө, XXI кылымдын энергетикалык келечегин да ошол көзөмөлдөйт", - дейт элчи. 

Текебаев Кыргызстандын энергетикасынын негизи гидроэлектр станциялар түзө турганын, бирок суу ресурстары барган сайын туруксуз болуп жатканын белгиледи: суу азайып-көбөйгөнү электр энергияны өндүрүүгө таасир этет. Күн жана шамал энергиясы — жыл мезгилине көз каранды. Ал эми атомдук электр станцияда андай көйгөй болбойт, баалары көп жылдары бою туруктуу бойдон калат.  

Элчинин пикири боюнча, Кыргызстанда кубаттуулугу 300-500 МВт болгон, III+ муундагы суу–суу негизиндеги кичи атом электр станциясын курууга болот. Бул АЭСтер тоолуу жана сейсмикалык аймактар үчүн коопсуз болот, баскыч-баскыч менен курулуп, бюджетке күч келбейт. Бирок алар ГЭСтерди толук алмаштырбайт. Суу аз болгон мезгилде жана кышында кошумча энергия берип турат.

АЭС куруу Кыргызстанга технологиялык эгемендик берип, татаал индустрияга өтүүгө өбөлгө түзөт. Ядролук медицина, материал таануу өңдүү жаңы тармактарды ачат. 

Текебаевдин айтымында, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан АЭСтерди кошумча киловатт үчүн эмес, ядролук-технологиялык цивилизацияга кирүү максатында курганы жатат. 


Тектеш материалды окуу