
Жарыяланган
2025-18-11, 12:31Kav&Kev компаниясынын директору Алексей Клевцов кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, компания уруксат кагаздары, медициналык жана миграциялык документтери жок чет элдик жарандарды ишканасында иштетип келген. Тамак-аштар санитардык талаптар сакталбаган жерде чыгарылган. Ошондой эле тамак-аш азыктарына бурмаланган даталар чапталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту, 297-беренесинин 1-бөлүгү жана 379-беренесинин 3-бөлүгү (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Клевцов шектүү катары кармалган.




