Жарыяланган
2025-05-06, 17:55Быйыл январь-апрель айларында тигүү өнөр жай тармагынан 106,5 млн сом салык түштү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Аталган мекеме акыркы төрт жыл ичинде тигүү тармагынан түшкөн салыктар бир топ өскөнүн белгилейт.
Тигүү тармагынан түшкөн салыктар (2020-2024-жылдар):
"Тигүү өнөр жайы Кыргызстан экономикасынын эң активдүү өнүгүп жаткан тармактарынын бири болуп эсептелет. Бул сектор көп жумуш орундарын камсыз кылып, экономиканын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда", - деп айтылат маалыматта.