Akchabarsearch
Түндүк айланма жолун акы төлөнүүчү кылуу пландалууда

Жарыяланган

2026-13-11, 18:30

Түндүк айланма жолун акы төлөнүүчү кылуу пландалууда

Түндүк айланма жолун акы төлөнүүчү кылуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Ала-Тоо депутаттык тобунун 12-ноябрдагы жыйынында транспорт министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу билдирди.

Анын айтымында, Түндүк айланма жолу азыр акы төлөнүүчү болбойт. Алгач ал жолду 6 тилкелүү кылып, 120 чакырым менен айдоого боло тургандай шарт түзүлөт. Андан кийин бул жол акы төлөнүүчү болушу мүмкүн.

Бактылуу Аскар уулу билдиргендей, азыр Ош облусунда узундугу 16 чакырым болгон акы төлөнүүчү Өзгөн айланма жолу иштеп жатат. Ал жерде жолдон өтүү үчүн жеңил унаалар 200 сомдон төлөйт. Ал эми жүк ташуучу унаалардан чоңдугуна жараша акы алынат. Бул жол жеке инвесторлор тарабынан салынган.

Андан тышкары Бишкектеги Чыгыш айланма жолу салынууда. Ош шаарында 33 чакырым, Ноокатта 16 чакырым болгон айланма жол курулат. Бишкек - Ош жолун 150 чакырымга кыскарта турган Бишкек - Күн-Туу - Белогорка - Суусамыр жолун салуу пландалууда. Чүйдө Чуңкурчакка бара турган альтернативдүү жолду куруу каралган. Бул жолдор да акы төлөнүүчү болот. 


Тектеш материалды окуу