Жарыяланган
2025-19-05, 12:19Чүй облусунда "Касиет" жүндөн жип ийрүү ишканасын жандандыруу жана терини иштеткен завод куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Айыл чарба министр Бакыт Төрөбаевдин айтымында, Токмокто жайгашкан "Касиет" ишканасын жандандыруу жана ишке киргизүү үчүн 913.5 млн сом бөлүнгөнү жатат. Аны менен бирге уяң жүндү кайра иштетүү үчүн меринос койлорун көбөйтүү пландалууда.
Ошондой эле союлган малдын терилери ыргытылып, колдонулбай жаткандыктан, Ысык-Ата районунда ири тери заводун куруу иштери башталганы турат.