Akchabarsearch
    Токой чарбасын жана экология маселесин караган агенттик түзүү сунушталды

    Жарыяланган

    2025-18-06, 15:35

    Токой чарбасын жана экология маселесин караган агенттик түзүү сунушталды

    Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 18-июнда парламенттин жыйынында токой чарбасын жана экология маселесин тейлеген өзүнчө агенттик түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.  

    Ал азыркы тапта токой чарбасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кошулуп калганын айтып, "алар өрт өчүрөбү, көчкү тазалайбы же токойду карайбы, кантип баарына жетишет?" деген суроо салды.  

    "Андыктан токой чарбасы менен экология маселесин бирге тейлеген өзүнчө агенттик түзүлбөсө болбойт", – деди ал. 

    Ошондой эле текшерүүчү инспекцияларды бириктирүү аракетин да колдой тургандыгын кошумчалаган Нурланбек Тургунбек уулу өзү уруксат берип, кайра өзү текшерген кызматтарды жоюп, текшерүүчү органдардын санын азайтуу менен өзүнчө бөлүү зарыл экенин айтты. 


    Тектеш материалды окуу