Akchabarsearch
    Курманжан Датка айыл аймагында чакан ГЭС салынууда

    Жарыяланган

    2025-20-06, 09:55

    Курманжан Датка айыл аймагында чакан ГЭС салынууда

    Ош облусунун Курманжан Датка айыл өкмөтүндөгү Капчыгай тилкесинде чакан ГЭС курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди. 

    Маалыматка ылайык, ГЭСтин курулуш иштерин "Алай Гидро" компаниясы жүргүзүүдө. Анын кубаттуулугу 4,4 мегаватты түзөт. 

    Чакан ГЭСтин курулушуна баш-аягы 7,2 млн сом кетет деп эсептелген. Каражаттын 70%ы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан берилсе, калган 30%ын жеке инвестор чыгарган. 

    Учурда жерди тегиздөө, суунун нугун буруу, дамба куруу жана бетон жумуштары жүрүп жатат. ГЭС ишке кирсе, 10 киши жумуш менен камсыз болот. 


    Тектеш материалды окуу