Akchabarsearch
    «Ак-Жол-унаа жолу» фитосанитардык көзөмөл пункту кайра иштей баштады

    Жарыяланган

    2025-20-06, 13:00

    «Ак-Жол-унаа жолу» фитосанитардык көзөмөл пункту кайра иштей баштады

    Бүгүн, 20-июндан тарта кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол-унаа жолу» фитосанитардык көзөмөл пункту кайра иштей баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

    Министрлик белгилегендей, аталган пунктун ачылышы учурдагы өткөрмө бекеттериндеги кезектерди азайтып, айыл чарба продукциясынын агымын көбөйтүүгө жардам берет. 

    "Бул пунктту ачуу айыл чарба продукциясынын коопсуздугун камсыздоо, көзөмөлдүн натыйжалуулугун арттыруу, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жана товарларды убагында тариздөө жана кечиктирүүлөрдү алдын алуу үчүн зарыл кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта. 


    Тектеш материалды окуу