Akchabarsearch
    Кыргызстандын ЖОЖдорунда этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүндү

    Жарыяланган

    2025-20-06, 10:18

    Кыргызстандын ЖОЖдорунда этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүндү

    Кыргызстандын жогорку окуу жайларында этникалык кыргыздарга 75 квота бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

    Өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу үчүн конкурстук тандоого Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Кытай же Пакистандын жараны болгон этникалык кыргыздар катыша алышат. 

    Талапкерлер 1-август күнү саат 23.59га чейин министрликтин онлайн-системасына кирип, "2025-2026-окуу жылы үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына "Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды кабыл алуу" бөлүмүнөн каттоодон өтүп, керектүү документтерди жүктөп, тиелешүү маалыматтарды толтурушу керек.  


    Тектеш материалды окуу