Akchabarsearch
Тонировкага уруксат алуунун баасы бир айга арзандатылды

Жарыяланган

2026-02-02, 17:50

Тонировкага уруксат алуунун баасы бир айга арзандатылды

Бүгүн, 2-февралдан тарта Кыргызстанда унаанын алдынкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксаттын баасы арзандатылды.

Эми жарандар тонировкага уруксатты 35 миң сомго ала алышат. Юридикалык жактар үчүн анын баасы – 55 миң сом, резиденттер эмес үчүн – 75 миң сом болот. Бул жеңилдик 3-мартка чейин күчүндө болот. 

Тонировкага уруксат бир жылга берилет. Уруксаттын арзандатуусуз, өз баасы 50 миң сомду, юридикалык жактарга 70 миң сомду жана резиденттер үчүн 90 миң сомду түзөт.  

2025-жылы унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алгандардан өлкө казынасына 1 млрд 128.1 млн сом түштү. 2024-жылы болсо тонировкага уруксат берүүдөн мамлекет 650.1 млн сом пайда көргөн. 


Тектеш материалды окуу