Жарыяланган
2025-11-08, 13:57Август айынын башына карата 217 миң 358 жаран Пенсиялык топтомо фондундагы акчасын алды. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.
Аларга жалпы 5 млрд 348.8 млн сом берилген.
Топтомо фондунда акчалары бар жарандар аны бир нече учурда ала алат:
1. Жаран жаш курагы келип (аялдар 58, эркектер 63 жаш), пенсияга чыкканда Топтомо фондундагы акчалары берилет. Бүгүнкү күнгө карата 191 миң 187 киши 2 млрд 866.8 млн сом алды.
2. Чет жакка көчүп кеткен жаткандар: 4 миң 390 адам 241.8 млн сом алып кетти.
3. Жаран каза болсо, анын Топтомо фондундагы акчаны мураскорлору ала алат: 11 миң 584 кишиге 339.9 млн сом берилди.
4. Аскер кызматкерлери жалпы пенсиялык куракка (63 жашка) жеткенде, Топтомо фондунда каражаты болсо, акчасын алып кете алат. Мыйзам боюнча аскер кызматкерлери кызмат өтөп жатканда камыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөйт, ошондуктан Топтомо фонддо акчасы болбойт. Бирок аскер кызматкери мурда-кийин жарандык чөйрөдө иштеп, Соцфондго акча которгон болсо, Топтомо фонддо каражат топтолот. Учурда 973 киши 10.9 млн сом алды.
5. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алган, үлүштүк негизде турак жай курулушуна катышкан же үйдү бөлүп төлөө менен алып жаткан жарандар, акча төлөөгө ала алат. Жалпы 8 миң 233 адамга 1 млрд 769.3 млн сом берилген.
6. Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдарга берилет. Акча үч ай төлөнөт. Бүгүнкү күнгө карата 298 киши 5.6 млн сом алган.
7. Оор дартка чалдыккан жарандарга берилет. 693 жаран 114.5 млн алган. Оорулардын тизмеси
Соцфонддун маалыматы боюнча, мамлекеттик пенсиялык топтомо фонд 2010-жылы киргизилген. Пенсиялык фондго деп кармалып жаткан 10% эмгек акынын 2%ы топтомо фондго түшөт. Бирок 1964-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн эркектер жана 1969-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн аялдар бул топтомо фондго акча төлөшпөйт. Алар 2012-жылдан баштап бул фондго катышпай калышкан.