
Жарыяланган
2026-16-07, 13:372026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга 3.3 млрд сомдон ашык акчага буудй импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө жалпы 17.9 миң тоннадан ашык буудай импорттолгон. Ал Россия, Казакстан жана Канададан ташып келинген.
Россиядан 2.3 млрд сомго 118.4 миң тонна, Казакстандан 1 млрд сомдон ашык акчага 52.5 мин тонна импорттолгон. Канададан 61.2 миң сомго буудай сатып алынган, бирок документте ал жактан канча буудай алынганы көрсөтүлгөн эмес.
2025-жылдын январь-апрель айларына караганда импорт 55.7 миң тоннага көбөйгөн. Былтыр төрт айда 115.2 миң тонна импорттолгон.



