
Жарыяланган
2026-16-07, 14:562025-жылы Кыргызстан менен Кытайдын соода-сатыгы 27 млрд долларды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Эрлист Акунбеков менен Кытайдын Эл аралык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин төрагасы Чэнь Сяодун менен болгон жолугушуусунда айтылды.
Жолугушууда соода-экономикалык байланышты мындан ары өнүктүрүү, бирге ашырылып жаткан долбоорлор талкууланып, акыркы жылдары эки өлкөнүн кызматташтыгы жемиштүү болуп жатканы белгиленген.
Маселен, былтыр эки өлкөнүн өз ара соода-сатыгы 27 млрд долларга жеткен. “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунунун, Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган дагы бир жол - "Бедел – Барскоон" жолунун курулушу жүрүүдө. Кыргыз-кытай чек арасында "Бедел" көзөмөл өткөрүү пункту ачылды.
Учурда эки өлкө бир нече тармакта ишке ашырып жаткан жана пландаган 11 ири долбоор бар.



